Кытайда стюардесса жигити учактан колун сурагандыгы үчүн иштен алынды

Жазылуу
Компания стюардесса менен жигитинин кылыгы жүргүнчүлөрдүн коопсуздугуна шек келтириши ыктымал болчу деп бүтүм чыгарган.

Кытайда стюардесса жигити колун учакта сурагандан кийин иштен алынды. Бул тууралуу Asia One сайты жазды.

Бириккен Араб Эмирлигинин FlyDubai компаниясында борт коштоочу болуп иштеген Наргиза Мукамбетова - Sputnik Кыргызстан
Дубайда стюардесса болуп иштеген Наргиза: азыр жашоомду учаксыз элестете албайм
Окуя China Eastern Airlines авиакомпаниясынын учагында болуп, жүргүнчүлөр аны видеого тартып алган.

Жигит кыздын колун сураган учур тартылган видео социалдык тармакка чыккандан кийин компаниянын жетекчилиги кызды иштен алганы айтылат. Компания мындай кадам учактын ичиндеги жүргүнчүлөрдүн коопсуздугуна шек келтириши ыктымал болчу деп эсептеп, ушундай чечимге келген.

Бул окуядан кийин Кытайдагы социалдык тармактын колдонуучулары экиге бөлүнүп, биринчилери кызды колдосо, экинчи топ "үй-бүлөлүк мамилени ишке аралаштырбаш" керектигин айтышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0