Киттин куйругу аз жерден туристтердин кайыгын кыйратып сала жаздады. Видео

Жазылуу
Канаданын Фанди куймасында кит аз жерден жел кайык менен жер көрүп жүргөн туристтердин өлүмүнө забын боло жаздады.

Суу жаныбарынын куйругу кайыктын четине тийген. Натыйжада кайык оодарылып кала жаздаган. Окуя жүргүнчүлөрдүн бири Дэвид Малдер саякатты камерага тартып жаткан маалда болгон.

The Daily Mail басылмасынын билдиришинче, дал ушул маалда кайыктын капитаны кыймылдаткычты өчүрүп салууга жетишкен. Кайыкта сегиз адам болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0