Бишкекте пенсионерди салбай кеткен №223 маршрутка айдоочусу жазаланабы? Видео

Жазылуу
Социалдык тармакка №223 маршрутканын пенсионерди салбай кеткен видеосу чыгып, көпчүлүк айдоочунун туура эмес кылганын жазышкан.

Бишкектен пенсионерди маршруткага салбай кеткен айдоочуга чара көрүлөрүн Бишкек мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгы билдирди.

Видео көрүп жаткан айдоочу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Маршрутка айдап баратып видео көргөн айдоочу кармалды
Эске салсак, социалдык тармакка №223 маршрутканын пенсионерди салбай кеткен видеосу чыгып, көпчүлүк айдоочунун туура эмес кылганын жазышкан.

"Кут Консун" ЖЧКсынын жетекчиси жана айдоочу окуянын-чоо жайын аныктоо үчүн чакырылган. Окуя милиция менен чогуу каралып, анын жыйынтыгында чара көрүлөт.

Видеодон маршруттун эшигин ачууга аракет кылып жаткан пенсионерди көрүүгө болот. Бирок айдоочу эшикти ачпай машинаны айдап кеткен. Бул учурду видеого тартып жаткан жаран "кары адамды салбай жатат, кантип ушинтип жатасыңар?" деп суроо салганын угууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0