Владимир Путин менен Си Цзиньпин икра менен куймак жасашты. Видео

Жазылуу
Россиянын президенти менен Кытайдын башчысы Чыгыш экономикалык форумунун алкагында жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдөн кийин куймак жасашты.

Россиянын президенти Владимир Путин менен Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин форумдан кийин "Ыраакы Чыгыштын көчөлөрү" аттуу көргөзмөгө катышып, "Россиянын деңиз продуктылары жана орус рыногу" аттуу павильондо кара жана кызыл икра менен куймак жасашканын РИА Новости https://ria.ru/society/20180911/1528308453.html жазды.

Путин куймак куюп жатып кытай башчысынын жөндөмдүүлүгүн белгилеген.

"Ооба, меники тегерек формада болду", — деп Си Цзиньпин жылмайган.

Эки өлкөнүн лидери даяр болгон куймакка кызыл жана кара икраны салып, орус салты боюнча кол менен жешти. Ошондой эле Путиндин сунушу менен арактан уурташты.

Жаңылыктар түрмөгү
0