Бишкекте эки автоунаа кагышып, алардын бири квас сатуучусун коюп кетти

Жазылуу
Бишкек ШИИБдин ЖКККБдин кызматкеринин маалыматына ылайык, жол четинде квас саткан сатуучу оор абалда ооруканага жеткирилген.

Борбор калаанын Чүй жана Эркиндик проспектилеринин кесилишинде, Ала-Тоонун кинотеатрынын жанында Honda Fit менен Subaru Impreza унаалары сүзүштү - Sputnik Кыргызстан
"Ала-Тоонун" жанында эки унаа сүзүшүп, жабыркагандарды Тез жардам алып кетти. Сүрөт
Күбө Бишкектеги Түштүк магистраль менен Душанбе көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы болуп, автоунаа квас сатуучусун коюп кеткенин билдирип, окуянын видеосун жөнөттү.

Анын айтымында, каргаша 10-сентябрда саат 16:00дөр чамасында болуп, аталган аймакта жол тыгыны пайда болгон. Окуя болгон жерде тез жардам кызматы иштеп жатат.

Бишкек ШИИБдин ЖКККБи жол кырсыгы болгонун тастыктады.

"Бул жерде эки автоунаа кагышып, алардын бирөө жол четинде квас сатып турган сатуучуну коюп кеткен. Ал оор абалда ооруканага жеткирилди", — деп милициядан маалымдашты.

ЖКККБдин маалымат кызматы кырсыктан жабыркагандар боюнча кийин толук маалымат болорун айтышты.

Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544 WhatsApp же Telegram номери аркылуу билдирсеңиз болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0