106 жашта экен! Тоодон зуулдап түшүп, муздак суу куюнган Жек Рейнольдс

Жазылуу
Улуу Британиянын 106 жаштагы тургуну Жек Рейнольдс өзүнүн улгайган курагына карабастан аркан менен шуулдаган ылдамдыкта тоодон түшкөндөрдүн бири болуп калды. Бул туурасында Мatadornetwork жазган.

Ойлонуп, толгонуп отурбай эле аркандан жасалган жабдууга асылып алып, токойлордун үстү менен саякаттап, ойдуңга жеткен кишинин видеосу YouTub каналына жарыяланган.

Его ноги вывернулись на 180 градусов, а он даже не пикнул — шокирующее видео - Sputnik Кыргызстан
Буттары тескери карап калса да, басып жүрөт! Таңгалдырган видео
100 жашында экстремалдык эс алууну активдештирген. Бул адам улгайган курагына карабай зуулдаган кыймылдары жана кадамдары үчүн 2017-жылы Гиннестин рекорддор китебине кирген. Муну менен чектелип калбаган Жек Рейнольдс эски бипланда учуп, Ice Bucket Challenge акциясына катышып, шыргалаң сууну куюнган.

Ал эми 104 жашында денесине туулган жылын жана "Жеко" деген сөздү чегип жаздырган.

Буга чейин кемпирине дем берген 82 жаштагы карыя бодибилдинг чеберине айланган видео жарыяланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0