Түштүк Африкада ресторандын чатырына чыгып алган пилдин видеосу

Жазылуу
Түштүк Африка республикасында пил ресторандын чатырына чыгып алган.

Эгер сиз адамдар гана бийиктикке чыга алат десеңиз жаңыласыз. Көлөмүнүн чоң болгонуна карабай пил дагы бийик жерлерге чыга алат.

Түштүк Африка республикасында пил ресторандын чатырына чыгып алып, анын ээсин жана конокторду таң калтырды. Интернетке жарыяланган бул видеодогу пил жерге түшүрүлүп-түшүрүлбөгөнү тууралуу маалымат жок.

Видеодон бир кабаттуу ресторандын үстүндө ары бери ээн-эркин басып жүргөн пилди көрүүгө болот. Аны ресторандын жанынан машина менен өтүп бараткан жаран тартып алган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0