Чет элдиктер Көчмөндөр оюндары жөнүндө кандай ойдо? Видео

Жазылуу
Биз Батыш тараптагы өлкөлөрдөн келген конокторду кепке тартып, көчмөндөр оюндарынан алган таасирин сурадык. Бул видеого алардын ар кыл пикирлери топтоштурулду.

Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарында мурда өткөн учуруна салыштырмалуу чет элдик коноктор көп болду. Ал тургай экинчи ирет кайрылып келгендер да бар экен. Меймандар Кыргызстан жана Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндары тууралуу ар кыл адамдардан, кызыктуу оюндардан ар тараптуу маалымат алышууда.

Маселен, АКШдан келген Анжелика Фернандес быйыл кышта саякатчылардын Лондондогу шоусунда болуп, көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндары тууралуу угуп калган.

"Укканда эле ошол жакка сөзсүз барышым керек деп ниеттенип алдым", — деди Фернандес.

Жөлөп-таяп тайказанга ыргытып... Француздардын улак тарткан видеосу - Sputnik Кыргызстан
Жөлөп-таяп, аттан кулап. Америка жана франциялыктардын көк бөрү тарткан видеосу
Оюндун расмий ачылышы абдан жаккандыгын жана көргөн-билгендерин Улуу Британиядагы, АКШдагы жана Жаңы Зеландиядагы досторуна айтып бергенге жетишкендигин баяндады.

Дагы бир конок — Сауд Аравиясынын тургуну Сальва бул оюндар тууралуу эки жыл мурда Монголиядагы конференцияда уккан. Аны Кыргызстан тургуну оюндарга чакырган.

Конок сауддар менен кыргыздардын маданиятынын окшошуп кете тургандыгын байкаганын айтты. Аял Кыргызстанга дагы бир ирет келсем деген тилеги бар экендигин жашырган жок.

Англиялык Андреан Лайнс көчмөндөр оюндары жөнүндө жубайынан уккан. Баса, ал уюштуруу иштерине жакшы деген баасын берди.

"Жубайым экөөбүздүн тил билбегенибизге карабастан, оюндардын берейин деген оюн түшүнүп, көчмөндөрдүн маданияты, тарыхы тууралуу жакшы эле кабардар болдук", — деди ал.

Кыргызстанда 2-сентябрдан бери Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндары өтүп жатат, ал 8-сентябрда аягына чыгат.

Жаңылыктар түрмөгү
0