Элге эксперимент көрсөтмөк болгондор музейди жардырып сала жаздады. Видео

Жазылуу
Американын Литтл-Рок шаарында жайгашкан илимий ачылыштар музейинде келген элди таң калтырабыз деген химиктер имаратты жок кылып сала жаздашты.

Окуянын видеосу YouTube-каналына жайгаштырылган.

Верхом на летающем скутере - Sputnik Кыргызстан
Кытайлык ойлоп табуучу абада учкан скутер жасады. Видео
Музей кызматкерлери көрөрмандарга суюк азоттун ысык сууга кошулгандан кийинки жыйынтыгын көрсөтмөкчү болушкан. Эксперименттин жүрүшүндө химиктер кошулмалардын өлчөмүн көбөйтүп жиберишкени айтылат. Натыйжада катуу жарылуу болуп, андан имараттын шыбына чапталган материалдар сыйрылып калган.

Элди таң калтырабыз деген эки кишинин бет каптары ыргып кеткен.

Баса, буга чейин Австралияда ушул сыяктуу эксперимент түз эфирде көрсөтүлүп, алып баруучу аз жерден жабыркап кала жаздаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0