Арстан менен бет маңдай келгенде! Туристтерди аралап жүргөн жырткычтын видеосу

Жазылуу
Туристтерди коштоп жүргөн жетекчисин таанып, автоунаасына түшүп алып, конокторду жалап-чуктап айласын кетирген арстанды көрдүңүз беле? Мындай видеону Крымдагы "Тайган" деп аталган арстандардын паркы YouTube каналына жарыялады.

Лев пытался добраться до мальчика через стекло в зоопарке - Sputnik Кыргызстан
Дубайдагы зоопаркта арстан наристеге кол салууга аракет кылды. Видео
Жол боюнча жаткан арстан электромобилдин рулундагы "өң-тааныш" адам – парктын жетекчиси Олег Зубковдун таанып, унааны "тебелеп-тепсеп" кирип келе жаткандыгын көрүүгө болот.

Видеону байкап турган адам арстан канчалык чоң болгону менен анын мышык сымал жоруктарын көрөт. Жаныбар жаны чыгып, коркуп, бирок сыр билгизбей отурган туристтердин бети-башын жалап-чуктап, салондун ичине кирип алган. Жырткыч кучак жеткис денеси менен отурган туристтерди жаап да калган.

Видеону көргөн интернет-колдонуучулар сафари-парктагы мындай мамиле жана кадамдын кесепетинен адам өмүрү менен кош айтышып калышы да мүмкүн деген пикирлерин калтырышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0