Москвадагы полиция кызматкеринин өлүмү. Суракка алынган шектүүнүн видеосу

Жазылуу
Социалдык тармактарга колго түшүрүлгөн кишинин документтери делген кагаздардын сүрөттөрү тарады. Андагы маалыматтарга караганда, шектүү Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа айылында туулган.

Россиянын ИИМи Москвадан 23 жаштагы полиция кызматкерин өлтүрүүгө шектелген кишинин сурак берип жаткан учурунун видеосун таратты. Бул тууралуу РЕН-ТВ каналы маалымдады. 

Нож в руках у мужчины - Sputnik Кыргызстан
Ташкентте Кайгуул-күзөт кызматынын башчысын иш бөлмөсүнөн бычактап кетишти
РИА Новости агенттигинин маалымдашынча окуя ажатканада болгон. Бөлмө тазалаган кызматкер аял катуу үндү угуп басып келгенде, ал жактан шектүү адам чыккан. “Московский Комсомолец” гезити жазып чыккандай, кармалган киши Оренбург шаарынын тургуну, ошол эле шаардагы момпосуй чыгарган фабрикада иштеген Нурлан Муратов аттуу киши. Шектүүнү метронун кызматкери тааныган. Социалдык тармактарга колго түшүрүлгөн кишинин документтери делген кагаздардын сүрөттөрү тарады. Андагы маалыматтарга караганда, шектүү Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа айылында туулган. 

Маалыматта шектүү буга чейин таанышы менен ичип алганы айтылат. Станцияга үйүнө кетүү үчүн барган. Шектүүнүн айтымында, полиция кызматкери ага “токто” деп буйрук берген, ал ордунда катып турганда октун үнү чыккан. 

Колго түшкөн киши полиция кызматкерин өлтүрбөгөнүн жана ок атылганда коркуп кетип качканын билдирген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0