Ат жалындагы селки, Карахан менен кагышуу. Көчмөн элди сыймыктандырган видео

Жазылуу
2-сентябрда Чолпон-Ата шаарында Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарынын ачылышы болуп өттү.

Салтанаттуу аземге ардак коноктордон өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Түркиянын лидери Режеп Тайип Эрдоган, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан жана Татарстандын президенти Рустам Минниханов катышты. 

Мындан сырткары, дүйнөнүн чар тарабынан туристтер, Кыргызстандын жети дубанынын жашочулары сапар тартып келип өлкөнүн негизги окуясына күбө болушту. 

Церемония открытия III Всемирных игр кочевников - Sputnik Кыргызстан
Жылмайып кол булгалаган ажолор. ДКОнун ачылышындагы президенттердин эмоциясы
Ачылыш азем саат 20.00дө башталып эки саатка созулду. Анда көчмөн элинин тарыхы чагылдырылып, улам доор алмашып отуруп азыркы ааламдашуу заманына чейинки учурду көрсөтүп беришти. Андан соң спортчулардын делегациясы салтанаттуу жүрүшкө чыгышты. Соңунда президент Сооронбай Жээнбеков куттуктоо сөзүн айтып, расмий түрдө ачык деп жарыялады да Кыргызстандын гимни жаңырып, асманга салюттар атылды. 

Спорттук мелдештерге катышуу үчүн 82 мамлекеттен 2500 спортчу электрондук каттоодон өткөн. Алар спорттун 37 түрү боюнча күч сынашат. Мелдешке 15 мамлекеттин улуттук оюндары киргизилген. Оюнчулардын саны боюнча Кыргызстан, Россия, Казакстан жана Өзбекстан мамлекеттери сап башында турат. 

Мелдеште жалпы жонунан 594 медаль ойнотулат. Анын ичинен алтын — 174, күмүш — 173, коло — 247. Байге фонду 28 миллион сомду түздү. 

Спорттук мелдештер Чолпон-Атадагы ипподромдо, Ден соолуктуу чыңдоо борборунда, Евразия пансионатында жана "Кырчын" жайлоосунда өтөт. Ал эми маданий иш-чаралар Бостери айылындагы Nomad амфитеатрында жана Кырчын этно-шаарчасында болмокчу. Кайсы күнү кандай иш-чара өтөт бул жактан биле аласыздар

Белгилей кетсек, Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарын Кыргызстан ушуну менен үчүнчү ирет өткөрүп жатат. Кийинки 2020-жылы өтө турган оюндардын эстафетасы Түркия мамлекетине тапшырылды. 

Жаңылыктар түрмөгү
0