Сооронбай Жээнбеков эгемендүүлүктүн баасы кандай экенин айтты. Видео

Жазылуу
Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды эгемендүүлүк күнү менен каттуктап, бүгүнкү эркиндик кандай тоскоолдуктар менене келгенин баса белгиледи.

Салтанаттуу азем Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында өттү.

"Бүгүн улуу салтанат. Элибиз эзелтеден эӊсеп келген эркиндикке жеткен күн. Улутубуздун үмүтү, тилеги, мүдөөсү ишке ашкан күн. Өз алдынча мамлекет болуп, дүйнө цивилизациясында, адамзаттын улуу көчүндө өз ордубузду таптык деп туу көтөргөн күнүбүз", — деп деди Жээнбеков.

Ошондой эле Жээнбеков өлкөнүн өнүгүүсү ар бир жарандын мекенге болгон патриоттук сезимине байланыштуу экенин белгиледи.

Мындан тышкары, ал калайык-калкка, өлкөнүн ар бир атуулуна, сыртта жүргөн мекендештерге ден-соолук, ийгилик, бактылуу жана бакубат жашоо каалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0