Кытайда 5-кабаттан түшөм деп асылып калган бөбөк аз жерден калды

Жазылуу
Кытайда бешинчи кабаттагы үйдүн балконунун тосмосуна кыпчылып калган төрт жашар кызды өрт өчүрүчүүлөр куткарып калышты. Бул туурасында Daily Mail жазат.

Маалым болгондой, бөбөк апасы жокто балконго чыгып тосмо аркылуу түшүп кетүүгө аракет кылган. Анын өмүрүн башы сактап калган, тагыраак айтканда, тосмонун тешиги аркылуу түшөм дегенде башы батпай асылып калган.

Бул кызды куткаруу иштери жарым саатка уланып, натыйжада аман-эсен чыгарышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0