Зыяратчыларды дүрбөлөңгө салган шамал. Меккеде тартылган видео

Жазылуу
Ажылык маалында Мекке шаарында катуу шамал болуп, чатырларды, Каабанын үстүн жапкан матаны учуруп кете жаздады.

Мекке шаарында жүргөн кыргызстандык зыяратчылардын ден соолугуна кам көрүү үчүн атайын тез жардам унаасы ишке кирди - Sputnik Кыргызстан
Белгисиз демөөрчү Меккедеги кыргыз зыяратчыларына тез жардам унаасын алып берди
Тартылып алынган видеодо бурганактаган шамал зыяратчыларды дүрбөлөңгө салгандыгын көрүүгө болот. Учурда ажылыкка баргандар Мина өрөөнүндөгү чатырларда жашап, күн киргенде Арафат тоосунда амалдарын аткарууда.

Ал эми Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы бул кабарды тастыктап, мекендештер аман-эсен экенин маалымдады.

Муфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаевдин айтымында, зыяратчылар үчүн кооптуу абал жаралган жок.

"Шамал болуп жаткан маалда кыргызстандыктар Мекке шаарында эмес, Мина өрөөнүндө болгон. Бирок ал жерде дагы бурганактаган шамал катталган. Биз алардан байма-бай маалымат алып турдук. Зыяратчыларга кооптуу абал жаралган жок. Жеринде дарыгерлер, коопсуздук кызматы иш алып барган. Учурда мекендештерибиз Арафат тоосунда амал кылууда", — деди Атабаев.

Эске сала кетсек, быйыл Сауд Аравиясы Кыргызстан үчүн 5400 квота бөлүп, зыяратчылардын акыркы тобу 7-августта Меккеге учуп кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0