Айсулуу Тыныбекова атаандашынан акыркы секунддарда жеңишти жулуп алды. Видео

Жазылуу
Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Азия оюндарынын жарым финалында индиялык Сакши Малик менен беттешип 9-7 эсебинде утуп алды.

Тыныбекова 62 килограмм салмак категориясы боюнча чыккан. Буга чейинки айлампаларда түндүк кореялык Жонг Сим Римди акыркы ыкманы жасап 6:6 эсебинде, андан соң кытайлык Руй Сю менен беттешип 3:0 эсебинде жеңип алган.

Ал эми жарым финалда Рио-де-Жанейродогу Олимпиада оюндарында коло байге үчүн кармашып жеңилип калган атаандашы индиялык Сакши Малик менен күч сынашты.

Церемония открытия Азиатских игр 2014 в Инчхоне - Sputnik Кыргызстан
Азия оюндарынын тарыхы. Кыргызстандан барып олжолуу кайткандар
Оюндун алгачкы мүнөттөрүндө Айсулуу Тыныбекова алдыда бара жаткан. Бирок Сакши Малик күчтүүлүк кылып эсеп саны 6:6 болуп теңелди. Ал дагы бир ыкма жасап бир упай өйдөгө чыгып кеткен. Бирок мелдештин бүтөрүнө 20 секунд калганда Тыныбекова ыкма жасоого жетишип, кошумча эки упай алып жеңишке жетти. Анткен менен Индия тарап судьялардын Айсулууга берген упайын "туура эмес" деп арызданган, бирок калыстар тобу алардын даттануусун жүйөсүз деп таап Айсулууга дагы бир упай беришти. Ошентип кыргызстандык балбан 9-7 эсебинде жеңишке жетип, финалга жолдомо алды. Эми Тыныбекова алтын медаль үчүн монголиялык Орхон Пуревдорж менен күч сынашат.

Эскерте кетсек, кечээ Магомед Мусаев эркин күрөш боюнча күмүш байге утуп Кыргызстандын байге куржунуна алгачкы медалды алып келген.

Азия оюндары 18-августтан 2-сентябрга чейин Индонезиянын Жакарта жана Палембанг шаарларында өтмөкчү. Мелдештер спорттун 40 түрү боюнча өтсө, анын 32си олимпиадалык, сегизи спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү. Жалпысынан 481 медаль комплектиси ойнотулат.

Ал эми кыргызстандык 150дөй спортчу спорттун 28 түрү боюнча күч сынашат (23 олимпиадалык, 5 олимпиадалык эмес оюндар).

Жаңылыктар түрмөгү
0