Испанияда чөгүп бараткан аялды дрондун жардамы менен сактап калышты

Жазылуу
Ичине аба толтурулган жилеттин жардамы менен аял куткаруучулар келгиче сууга чөкпөй кармалып турган.

Испаниянын жээгинде толкун алып кеткен аялды дрондун жардамы менен сактап калышты. Бул туурасында маалымат РИА Новостиге чыкты.

Жара в Германии - Sputnik Кыргызстан
ӨКМ: быйыл сууга чөгүп ажал тапкан адамдардын саны 100дөн ашты
Ал эми тартылып калган видео YouTube каналына жүктөлгөн. 

Окуя Испаниядагы Жер ортолук деңизинин жээгинде жайгашкан Сагунто шаарынын аймагында болгон. Жээкке өзү кайтып келбеген аялды сактап калыш үчүн куткаруучулар дронду колдонгон. Оператору дронду аны аялга жана анын жанындагыларга куткарып калуучу жилет менен кошо учурган.

Ичине аба толтурулган жилеттин жардамы менен аял куткаруучулар келгиче сууга чөкпөй кармалып турган. Жыйынтыгында алар жээкке аман-эсен кайткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0