Дароо жан берген окшойт. Ат автобустун алдыңкы айнегинен кирип кеткен видео

Жазылуу
Белоруссиядагы Жлобинский районундагы жолдо автобус күү менен келип сүзүп кеткен жылкы алдыңкы айнектен салонго жарым-жартылай кирип, артылып калган. Жансыз атты алып чыгып жаткан видео YouTube каналына жайгаштырылган.

Sputnik Белоруссия кырсыктаган унаа каттамдагы автобус экендигин жазды.

Автобустун ичине ат кирип кеткени тууралуу маалымат ӨКМге түндө түшкөн. Окуя болгон жерге келген куткаруучулар жылкыны бир топ убара болуп жатып, алып чыккан.

Автобустун ичиндеги 29 жүргүнчү менен эки айдоочу жабыркаган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0