Дүйнөлүк хиттер комузга салынганда... Чолпон менен Эламандан кезектеги клип

Жазылуу
"Акак" ансамблинин солисттери Чолпон Мелисбекова менен Эламан Каныбеков дүйнөлүк хиттерге укмуштуудай кавер жаздырган.

Жаңыдан чыгып келе жаткан таланттар өзгөчө клипти YouTube каналына жүктөштү.

Комузга салынган Калинка менен Лезгинка, шартылдаган Маш ботой - Sputnik Кыргызстан
Комузга салынган "Калинка" менен "Лезгинка", сайраган "Таң булбулу"
Музыканттар дүйнөлүк жети хитти аткарган, ага "Миссия невыполнима" тасмасынын саундтреги, Майкл Жексондун "Билли Джин" ыры, Бруно Марс менен Марк Ронсондун Uptown Funk чыгармасы, Avicii аттуу ырчынын Wake Me Up деген ыры, ламбада жана башкалар кирген.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы музыканттардын продюсери Жоодар Айткулиев менен байланышып, клип бир жарым ай тартылганын, бирок ишти акырына чейин чыгарууга бир жыл кеткенин билди.

"Кавер-версияны даярдаш үчүн бир жылдай убакыт кетти. Аранжировка менен минусовка 10 айда бүттү. Эң кыйыны композицияларды тандоо болду. Себеби комуздун диапозону кеңири болгону менен бардык эле музыкага ыргагы келе бербейт. Анын үстүнө катар-катар улантып кетүү оор", — деди Айткулиев.

Чебер комузчулар коомчулукка биринчи ирет жаңылык киргизип жаткан жок, алар буга чейин Sputnik агенттигине келип Numb чыгармасын комузга салышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0