Алайда сел жүрүп тажик жарандары бара жаткан жолтандабас агып кетти. Видео

Жазылуу
Ош облусунун Алай районундагы Аскалы айылында сел жүрүп жолтандабасты агызып кетти. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине окуянын күбөсү кабарлады.

Последствия селя в Иссык-Атинском районе - Sputnik Кыргызстан
"Ысык-Ата" курортуна алып барчу жолдо сел жүрдү. Сүрөт
Ал жиберген видеодон жолтандабас шагыл аралаш агып түшкөн селдин ортосунда туруп калганын көрүүгө болот. Комментарий берип жаткан аял унаа сел жүрүп жаткан жерден өтүүгө аракет кылып баратып тыгылганын, ал эми калган машиналар өтө албай калганын айтууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча кечээ, 12-августта, саат 17.00дө Ош — Сары-Таш — Эркеч-Там унаа жолунун 110-111-чакырымдарына (Аскалы айылы) шагыл-таш аралаш сел түшүп, унаа жолду жаап калган.

"Селдин ортосунда калган жол тандабаста Тажикстандын жарандары бара жаткан. Кырсыктан эч ким жаракат алган эмес. Унаасы тартып чыгарылды. Ал эми унаа жол түнкү саат 23.00дө эки тараптуу ачылган", — деп айтылат маалыматта.

Аталган аймакта үч куткаруучу жана бир жүктөгүч техникасы тартылды. Бүгүн да жолду кеңейтүү иш-чаралары улантылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0