Кемпирине дем берген 82 жаштагы карыя бодибилдинг чеберине айланды. Видео

Жазылуу
Япониялык оор атлетчи улгайып калганына карабай спорт менен тынымсыз машыгып келет. 82 жаштагы бодибилдер Тошисуке Каназава чымыр денеси менен көпчүлүктү таң калтырууда.

Ал спорттун бодибилдинг түрү менен 34 жашына чейин машыгып таштап койгон. Бирок 50 жашында кайра кайтууга туура келген. Муну ал оор илдетке кабылган жубайы үчүн жасаган. Бул кадамы менен өмүрлүк жарына эргүү, дем бергиси келген. Учурда ал жөн эле машыкпастан түрдүү мелдештерге да катышып турат.

"Денемди бир калыпта кармап жүрүү үчүн өзгөчө диета жардам берет. Күрөң күрүч, буурчак, мисо шорпосу (япондордун улуттук тамагы) менен азыктандым. Мен 100 жашка чыкканга чейин ушундай диетаны сактап, башка тамактарды жебейм", — деди Каназава.

Спортчу ушуну менен гана чектелип калбай, дагы да жаңы рекорддорду жаңыртууга аракет кылып жүргөнүн белгилейт.

Кыргызстанда дагы япониялык аксакалдан кем калышпаган спортчу карыя бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0