"Акылы жок ууру". Унаа уурдайм деп уят болгон уурунун видеосу

Жазылуу
Окуя социалдык тармактарда вирустук роликке айланып, Facebook тармагында 4,3 миллион адам көрдү.

Буудай ташып бараткан айдоочунун полицияга ачуусу келген видеосу - Sputnik Кыргызстан
Ушу сен күйгүздүң! Буудай ташып бараткан айдоочунун полицияга ачуусу келген видеосу
Уурунун уят болгон учуру соцтармакта элди күлкүгө бөлөдү. Анда ал гараждын эшиги аңырайып ачык турганын көрбөй кыйналып капталындагы терезе аркылуу ичине кирет.

Видео байкоого жазылган кадрдан көрүнгөндөй ууру колу менен тарткылап, жада калса буту менен тепкилеп гараждын терезесин сындырган. Ичине киргенден кийин гараждын эшиги аңырайып ачык турганын көрөт. Мунусу аз келгенсип, ал жерде эч нерсе жок болгон. Окуя качан жана каякта болгону белгисиз.

Мунун көргөндөр аны акылы жок уурулардын эң алдыңкысы катары сыпаттап күлүп жатышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0