Бишкектеги жарылуудан россиялык ишкер жаракат алды. Жеринен тартылган видео

Жазылуу
Бишкектин Исанов көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин жанында болгон жарылуудан россиялык ишкер Александр Гайдуков жабыркады. Аны укук коргоо органдарындагы булак тастыктады.

Окуя болгон жерге саперлор менен ыкчам иликтөө тобу келип, Lexus LX 570 автоунаасын тинтип чыгышты. Милиция аймакты курчоого алган.

Кырсык болгон жерде Гайдуковдун саны менен колу жабыркап ооруканага жеткирилди.

Оцепление милицией дома на улице Исанова в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги жарылуудан жабыркаган бизнесмендин эмне байлыгы бар
Ал эми Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы окуяга түшүндүрмө бере элек.

Эске салсак, 2016-жылы россиялык ишкерге ушул эле жерден кол салуу болуп, кылмыштын бети ачылган эмес.

Жергиликтүү басылмалардын жазышынча, Гайдуков 1988-жылдан бери Кыргызстанга такай каттап турат.

Анын Россияда жана Кыргызстанда бизнестери бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0