Сапар Исаковдун колунан кармап калганга үлгүргөн жубайы. Сот залындагы видео

Жазылуу
Бишкек шаардык соту Биринчи Май райондук соттун Сапар Исаковду 5-октябрга чейин камакта калтыруу чечимин күчүндө калтырды.

Обсуждение реконструкции и аварии ТЭЦ в Жогорку Кенеше - Sputnik Кыргызстан
Исаковдун адвокаты ТЭЦтеги авария боюнча депутаттарга дагы иш козгоону суранды
Бишкек шаардык соту Сапар Исаковдун ишин карап, жыйынга туугандары менен журналисттер дагы киргизилди. Сот аяктагандан кийин Исаков жубайы менен кол алышып, апасы менен учурашканга үлгүрдү. Ага чейин залдагы тартипке көз салып жаткан аскерлер Исаковдун жакындарын соттун чечиминен кийин гана ага жолугуша аларын айтышкан.

Мурдагы премьердин жактоочулары Сапар Исаковдун төрт баласы бар экенин, жубайы менен апасы иштебей турганын жана Исаков бардык документтерин тергөөчүгө бергендиктен анын баш коргоо чарасын жеңилдетүүнү өтүнгөн.

Бирок Бишкек шаардык соту Биринчи Май райондук сотунун Сапар Исаковду 5-октябрга чейин камакта калтыруу чечимин күчүндө калтырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0