Нью-Йорктук дизайнердин түрүү итке окшош куурчактары. Видео

Жазылуу
Нью-Йорк шаарында жашаган дизайнер Линда Фаччи иттердин көчүрмөсүн дал өзүндөй кылып жасайт. Анын колунан жаралган эмгектерди видеодон көрүңүздөр.

Фаччи буйрутма менен жүндөн жаныбарлардын куурчагын жасап иштейт. Ага үй жандыктарынын сүрөтүн негизинен кожойкелер алып келип берет.

"Көпчүлүгү иттин көзүн дал өзүнүкүндөй кылып жасаганымды айтышат. Мага жаныбарлардын эмоциясын кайталаган жагат", — деди Фаччи.

Жүндөн жасалган бир оюнчукту дизайнер 4-7 саатта даярдап бүтөт. Айтымында, баары буйрутманын көлөмүнөн, өзгөчөлүгүнөн көз каранды.

Дизайнердин хоббиси кийинчерээк ишкерликке айланып кеткен. Фаччиге буйрутма бергендердин көбү өлүп калган жандыктарынын сүрөтүн көтөрүп келишет.

Жаңылыктар түрмөгү
0