Бишкек шаардык кеңеши калаа башчысын шайлоодо. Видео

Жазылуу
Мэрликке Азиз Суракматовдун гана талапкерлиги көрсөтүлдү.

Бишкек мэриясынын алдында мэрге альтернативдүү талапкер көрсөтө албаган шаардык кеңештеги фракцияларга жана мэрликке талапкер Азиз Суракматовду кыргыз тилин билет деп чечим чыгарган Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын мүчөлөрүнө каршы митинг өтүп жатат. - Sputnik Кыргызстан
Бишкек мэриясынын алдында митинг болуп жатат
Бишкек шаардык кеңештин депутаттары учурда калаа башчысын шайлап жатат. Мэрликке Азиз Суракматовдун гана талапкерлиги сунушталган. Аны шаардык кеңештеги көпчүлүк коалиция көрсөткөн.

Ал ортодо жарандык активисттер мэриянын имаратынын алдында мэрди шайлоого каршы акция өткөрүп жатышат. Алар Суракматовдон башка альтернативдүү талапкер көрсөтө албаган фракцияларга нааразычылыгын билдиришүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0