Төө-Ашууда фура сүзгөн микроавтобустар жарга такалып калды. Видео

Жазылуу
Бишкек — Ош унаа жолунда (121-чакырымы, Төө-Ашуунун аймагы) фура менен кагышкан эки микроавтобус жарга такалып калган.

Жолдогу автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Баткенде Toyota Estima менен трактор кагышып, эки киши каза тапты
Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан маалымдашкандай, жол кырсыгы 3-август күнү күндүз болгон.

Милициянын маалыматы боюнча Бишкектен Ошту көздөй бараткан фуранын тормозу иштебей калган дагы каршы тилкеде келе жаткан эки микроавтобус (алардын бири экинчисин чиркегич менен тартып бараткан) менен кагышкан.

Бустардын эки айдоочусу амбулатордук жардам алса, фуранын ээси жабыркаган эмес.

Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544 WhatsApp же Telegram номери аркылуу билдирсеңиз болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0