12:58 17 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR76.9922
  • RUB1.0933
Видео

Селфи кылам деп шаркыратмадан учуп түшкөн туристтин видеосу

Кыскача шилтеме алуу
214202

Интернетке шаркыратманын жанында сүрөткө түшөм деп 15 метр бийиктиктен кулап түшкөн индиялык туристтин видеосу чыкты.

Туристтин таштан-ташка урунуп түшкөн видеосун The Daily Mail басылмасы жарыялаган. Окуя Индиянын киши эң көп барган Гокак шаркыратмасында катталган.

Анда 24 жаштагы Субрат Наг аттуу жигит 15 метр бийиктиктеги шаркыратманын кырына туруп өзгөчө селфи жасоону чечкен. Бир убакта таштан тайгаланып, кармана албай кулап кеткен. Жыгылганда аз жерден сууда турган бир кишини да сүзүп кете жаздаган.

Маалыматта жигиттин өлүү-тирүүсү жазылган эмес.

Тема боюнча

Аюу менен селфи жасайм деген таксист жырткычтын колунан көз жумду
Белгилер:
аска, турист, шаркыратма, Индия

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ