Уулуу жыландар парадга чыкканда. Индиядагы өзгөчө фестивалдын видеосу

Жазылуу
Наг Панчами же жыландар фестивалы — дүйнөдөгү өзгөчө майрамдардын бири. Индиялыктар бул фестивалды кандай белгилешерин видеодон көрө аласыздар.

Жылан. Архив - Sputnik Кыргызстан
Токмокко жакын жерде балдарды жылан чагып алды делген окуя. Чын-төгүнү
Майрам негизи август айларына туш келет. Бул мезгилде нөшөрлөп жааган жаан жыландардын уясын каптап, алар сыртка чыга баштайт. Кээде уулуу жыландар адам жашаган үйлөргө да кирип кетет.

Бул учурда жергиликтүү тургундардын кээ бири жыландарды кармап алып жумалап үйүнө кармап, жакшылап багат. Андан соң аларга таазим кылуу үчүн храмга алып барышат.

Наг Панчами майрамынын урматына жыландарга гүлдөр чачылып, андан соң алар токойго кое берилет. Индиялыктар мындай ырымды өздөрүн тазалоо үчүн жасашат.

Жаңылыктар түрмөгү
0