Үрөй учурган көрүнүш! Бетонду сүзүп, кабинасы талкаланып кеткен фуранын видеосу

Жазылуу
Россиянын Новокузнецки шаарында арак жүктөп бара жаткан оор жүк ташуучу унаа катуу ылдамдык менен келип шаардын чыга беришиндеги бетон дубалды сүзгөн.

Ошто тормозу кармабай калган жүк ташуучу автоунаа 7 машинаны коюп кетти. Видео - Sputnik Кыргызстан
Ошто тормозу кармабай калган жүк ташуучу автоунаа 7 машинаны коюп кетти. Видео
Жергиликтүү сайттардын окуянын бүгүн, 2-августта таңга маал болгонун жазды. Алдын ала маалыматтар боюнча айдоочу рулду башкара албай калган.

Аталган кырсык видео байкоого түшүп калып, бул ирмем социалдык тармактарга жарыяланды.

Жүк ташуучу унаанын айдоочусу жеринде мүрт кеткен. Ал эми кабинасынын тамтыгы калбай талкаланган. Жол кырсыгынын келип чыгуу себептерин укук коргоо органдары иликтеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0