Калкы жыш болгон дүйнөдөгү эң кичинекей арал. Өзгөчө видео

Жазылуу
Уганда менен Кения мамлекеттеринин чектешкен аймагындагы Виктория көлүндө аянты футбол талаасындай болгон Мигинго деген арал жайгашкан. Кичинекей болгону менен бул жайда жүздөгөн адам жашайт.

Аянты анча чоң эмес (1800 чарчы метр) аралдагылардын көбү бул жакта акча табуу максатында жашайт. Мигингодогу жергиликтүү балыкчылар жумасына 200-300 долларга чейин каражат таап коюшат. Кошуна мамлекеттерде бул сумма 2-3 айда табылат.

"Аралдагылар тар жерде жашаганы менен ынтымактуу. Мигингодо турак үйлөрдөн сырткары өздөрүнүн чиркөөсү, мечити, дүкөнү, сулуулук салондору, ооруканасы жана мейманканасы бар", — деп жазылат маалыматта.

Арал Уганда менен Кениянын чек арасында жайгашкандыктан ал жакта эки өлкөнүн тең аскерлери барып турат. Жергиликтүү тургундар тапкан каражатынын 60 пайызын аскерлерге берүүсү шарт. Мигингого жакын эле жерде чоң, кенен арал бар. Бирок жергиликтүү тургундар отурукташып калгандыктан ал жакка баргылары келбейт. Анын үстүнө Мигингодо жашоо коопсуз деп эсептешет.

Жаңылыктар түрмөгү
0