Тергөө абагында отурган Жантөрө Сатыбалдиев кандай үйдө жашайт. Видео

Жазылуу
Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиевдин жана анын жакындарынын мүлкү камакка алынганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы билдирди.

Сот залынан чыккан Сапар Исаковду жактоочулары кол чаап тосуп алды. Видео - Sputnik Кыргызстан
Сапар Исаков сот залынан күлүп-жайнап чыкты. Видео
Жантөрө Сатыбалдиев 18-июнь күнү Бишкек ТЭЦине байланыштуу иш боюнча кармалган. Ал Кылмыш жаза кодексинин 30-беренесинин 6-бөлүгү (кылмышка шериктеш болуу) жана 303-берененин 1-бөлүгү (коррупция) боюнча айыпталууда. Сатыбалдиев учурда УКМКнын тергөө абагында отурат.

Эсептей келгенде, Жантөрө Сатыбалдиевдин өзүнө, уулдары Жоомарт, Исламбек, Кубат Сатыбалдиевге жана аялы Канышай Турдукеевага тийиштүү 12 автоунаа, 9 жер тилкеси, эки үй жана бир канча мүлкү камакка алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0