Крокодил менен шоу көрсөтүп жаткан адам колунан ажырап кала жаздады. Видео

Жазылуу
Таиланддын түштүгүндөгү Чианграй шаарындагы зоопаркта туристтерге шоу көрсөтүү учурунда крокодил үйрөтүүчүсүнүн колун аз жерден тиштеп жулуп ала жаздады.

Крокодил. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сууга секирген аял баласын крокодилдин оозунан жулуп алды
Жарандын трюк көрсөтүп жаткан учурундагы окуяны көрүүчүлөрдүн бири видеого тартып алган. Аны New York Post басылмасы өзүнүн YouTube каналына жүктөдү.

Кадрда көрүнүп тургандай, үйрөтүүчү эрдигин көрсөтүш үчүн колун жырткычтын оозуна салган. Анын билеги толугу менен крокодилдин оозуна киргенде жырткыч аны тиштеп, оозун ачпай койгон. Бактыга жараша киши колун эптеп чыгарып алган.

Кийин үйрөтүүчү 45 жаштагы Дао аттуу киши экени маалым болду. Жырткычтын ээси Донг Виттаваттын айтымында, жабырлануучу катуу жаракат алган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0