Индияда эл жык турган трибуна урап калды, каза болгондор бар. Видео

Жазылуу
Кырсыктын айынан беш адам көз жумуп, 50гө жакын киши ар кандай жаракаттарды алды.

Индиянын Ганганагар шаарында тракторлордун аркан тартыш боюнча шоусу трагедия менен аяктады.

Курулуш краны. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кранды селкинчек кылган жумушчунун бийиктен кулаган видеосу тарады
Бүйүр кызыткан шоуну жердегилерден тышкары, стадиондун трибунасынан да көрүп жаткандар болгон. Бир маалда оор салмакка туруштук бере албай калган конструкция урап түшкөн.

Окуяны жерде турган көрүүчүлөр видеого тартып алган.

India.com сайтынын жазганына караганда, кырсык болгон учурда чатырда 300дөй адам турган. 50 адам ар кандай жаракатарды алып, алардын 17си оор абалда ооруканада. Ал эми беш адамдын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон жок.

Полиция иликтөө иштерин баштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0