Унаа жолго туруп алып күрөшкөн эки аюу видеого түшүп калган

Жазылуу
Блоггер ViralHog өзүнүн YouTube каналына жолдун ортосуна туруп алып кармашкан эки аюунун видеосун жүктөдү. Ал эми айдоочулар жеңүүчүнү күтүп жолго тизилип калышкан.

Окуя Канаданын Rocky Mountains тоо кыркасынын жанындагы жолдо болгон. Анда айдоочулар эки аюунун кармашына тоскоол кылбаш үчүн күтүп турууга аргасыз болушкан.

Жаныбарлар эч кимге маани бербей бир нече мүнөт кармашып, кийин бактардын арасына чуркап кирип кетишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0