Кафе-бардын жанында иштеп жаткан "Тазалыктын" кызматкери Алишер Байзаков өрт башталганда ичиндеги күзөтчүсү сыртка чуркап чыгып жардам сураганын айтты.
"Биз жолдун четиндеги газонду оруп жатканбыз. Түтүндү көрүп артындагы курулушчулар бир нерсе күйгүзүп жатабы деп ойлодум. Карасам эле кафе-бар күйүп жатыптыр. Ичинде бир күзөтчүсү бар экен. Ал чуркап чыгып, "өрт өчүрүүчүлөргө чалгыла" деп кыйкырды. Эки жолу тарсылдаган катуу үн чыкты. Газ баллондор жарылды окшойт. Өрт өчүрүүчү унаалар келгенге чейин бир топ жери күйүп кетти", — деди Байзаков.
ӨКМдин маалыматына ылайык, кырсык тууралуу саат 7.51де маалымат түшүп, 9.18де толугу менен өчүрүлгөн. Жеринде үч автоунаа иш алып барды.