Баары түшүп калмай болду! Таштанды унаасынан ыпыр-сыпыр чачылып бараткан видео

Жазылуу
Бишкек шаарынын тургуну көчөдө артынан таштанды чууруп бара жаткан унаа боюнча нааразы болду.

Борбор калаанын Совет көчөсүндө таштанды ташыган унаадан ыпыр-сыпыр чачылып бара жаткан видеону күбө Sputnik Кыргызстан агенттигине WhatsApp-каналы аркылуу жиберди.

Анын айтымында, окуя кечээ 19-июлда саат 14.30дар чамасында Совет көчөсү менен ылдый "Дордой" базары тарапка кетип бара жаткан жолдо болгон.

"Мен бул унаанын артынан жарым саатка чукул жүрдүм. Биринчи 15 мүнөтүндө таштандылар мындан да көп түшкөн, бирок анда көңүл бурган эмесмин. Качан гана токтобой ыргып, унаамды булгап салганда, видеого тартууну чечтим. Таштанды деген таштанды да, жаман болот экенсиң. Жок дегенде үстүн бир нерсе менен жаап алышпайбы", — деди күбө.

Тазалык ишканасынын кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте "Тазалыктын" кызматкерлерин "селсаяк" деп мазактап, сабап кетишти
Редакция "Тазалык" муниципалдык ишканасынын маалымат катчысы Жибек Каракеевага кайрылганда, ал видеодогу унаанын мамлекеттик номери көрүнбөй калгандыктан, тактоо иштери жүрүп жатканын билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте таштанды чыгаруу менен алектенген бир нече жеке компания бар. Ошондуктан, унаанын "Тазалыкка" тиешеси бар-жогун тактоо зарыл.

Каракеева кошумчалагандай, эгер видеодогу муниципалдык унаа экени аныкталса, айдоочу түшүнүк кат жазып, ага түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0