Ушу сен күйгүздүң! Буудай ташып бараткан айдоочунун полицияга ачуусу келген видеосу

Жазылуу
Ростов аймагындагы кызыктуу окуяга күбө болгон киши жүк ташыган ири автоунаанын капталынан тонналаган буудай төгүлүп жатканын тартып алган. Анда машинанын тетигин көтөрүп жүргөн киши унаанын капталын ачып жиберип, эгинди жолго жайната төккөнүн көрүүгө болот.

Бул видео YouTube каналына жайгаштырылган.

Маалыматта бул окуя Ростов аймагындагы Батайск жолунда болгону жазылган.

Кытайда скутерди айдап кеткен арбак элди дүрбөлөңгө салды. Видео - Sputnik Кыргызстан
Кытайда скутерди айдап кеткен "арбак" элди дүрбөлөңгө салды. Видео
Жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары полиция кызматкери эгин ташып барат жаткан автоунаада салмак ашыкча болуп кеткенин көрүп, андан ары жүрүүгө тыюу салганын жазган.

Фураны айдап бара жаткан киши полиция менен талашып-тартышпай, басып барып буудайды асфальтка төгүп салган.

Бул видео интернетте бир топ талкууну жаратты. Кээ бир колдонуучулар "ашыкча салмак менен келе жаткан фуралардын айдоочусу полиция кызматкеринин колуна акча кармата койсо өткөрүп жибермек" деген пикирилерин жазышты.

Окуя андан ары кандай болгону тууралуу маалымат жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0