Чао, Мадрид! Роналдунун үй-бүлөсү менен Туринге көчүп келген видеосу

Жазылуу
Өткөн жекшембиде жылдызы жанган футболчу Криштиану Роналду Туринге учуп келди.

"Реал Мадриддин" мурдагы чабуулчусу эми "Ювентус" футбол клубунда ойномой болду. Аны Италияга келгенден кийин жаңы кесиптештерине тааныштырышат. Алгач, футболчу медициналык кароодон өтүп, келишимге кол коет.

Футболист Криштиану Роналду - Sputnik Кыргызстан
Роналду "Реалдан" кетүү себебин айтып, коштошуу катын жазды
Видео Италия клубунун Facebook баракчасына жарыяланган.

Роналду Туринге жарандык никедеги жубайы жана балдары менен келди.

Роналду өткөн жумада Испаниянын "Реал Мадридинен" Италиянын "Ювентусуна" өткөн. Трансфердин суммасы 100 миллион евро жана келишим төрт жылга түзүлгөн. Мындан сырткары, Турин клубу 12 миллион евро "башка чыгымдарына" төлөп берет. Бул ФИФА регламентинде "тилектештик механизми" катары каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0