АКШда жердештерине программа жазууну үйрөткөн Эсендин окуясы. Дем берген видео

Жазылуу
Американын Чикаго шаарында жердештерине жана IT тармагына кызыккандарга программалоо боюнча сабак берген Эсен Ниязовдун басып өткөн жолу баарыбызга үлгү болушу мүмкүн.

Башында Американын Аляска аймагына барып, балык тазалаган фирмада иштеп, кийин IT тармагын өздөштүргөн Эсен Ниязов тууралуу жаш режиссер Эламан Асылбеков даректүү тасма тарткан.

15 мүнөттүк тасмада Ниязов АКШга кантип барып калганы, кандай жумуштарда иштегени тууралуу кенен айтып берет.

Эсен Ниязов азыр Cybertek тренинг борборунда программа жазуу боюнча сабак берет. Окууга келгендердин жарымынан көбү кыргыздар.

"Тайпадагылардын 70-80 пайызы кыргыздар. Акыркы 2-3 жылдан бери IT тармагына көп кире башташты. 5-6-жыл мурда көбүнчө такси айдап, сатуучу болуп иштешсе, азыр IT тармагына басым жасап жатышат", — деди Ниязов.

Ал ошондой эле биринчи топту 50дөн ашык киши аяктаса, алардын жарымы айлык акысы жылына 90-100 миң доллар болгон жакшы жумуш тапканын кошумчалады.

Ниязов азыр программа жазуу менен алектенгендер, ага кызыккандар 10 жылдан кийин өкүнбөй турганын белгилейт.

Кыргызские танцы в Нью-Йорке — добрый фильм о девичьей группе - Sputnik Кыргызстан
Нью-Йоркто бийлеген кыргыз кыздар суктантканда. Видео
"Азыр бул тармакта окуп, билим алгандардын келечеги кең. Мисалы он жыл мурда Бишкекте жер арзан болчу. "Ошол учурда алып койсом болмок экен" дегендер азыр көп. IT тармагы да ушундай. Кийин балдар 10 жыл мурда IT тармагын окуп койсом болмок экен деп калышы мүмкүн", — дейт ал.

Ниязов Кыргызстанда IT тармагын өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүк бар экенин белгилеп, келечекте Кыргызстанды бул жаатта аутсорсинг кылууга болорун айтат.

Ал ошондой эле программа жазуу чет тилин үйрөнгөндөй эле нерсе экенин айтып, каалоосу күч болгондор аны бат эле өздөштүрүп кетерин белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0