Бельгиянын дарбазачысы кыргызстандык балага футболкасын тапшырган ирмем. Видео

Жазылуу
Кыргызстандык Арсен белекти алуу үчүн "Ливерпуль" футбол клубу менен Бельгиянын курама командасы жайгашкан мейманканага келген.

Кыргызстандык футбол күйөрманы Арсен Алтыбаевдин Бельгиянын курама командасынын дарбазачысы Симон Миньоленин футболкасын алып жаткан учуру тартылган видеону Ruptly сайты жарыялады.

Россия курама командасынын дарбазачысы Игорь Акинфеев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дарбазачы Акинфеевдин аты алмаз "топко" ыйгарылышы мүмкүн
Дүйнө чемпионатынын алкагында Бельгия менен Япония беттешип жатканда Алтыбаев колуна "Mignolet can I have u'r T-shirt" (Миньоле мага футболкаңды берчи) деп жазылган плакатты кармап турган. Дарбазачы күйөрманды табууну чечкен. Интернет колдонуучулар голкиперге Алтыбаевдин социалдык тармактагы баракчаларынын бирин берип, ал кат жазган.

5-июлда алар Казань шаарында жолугуп, кыргызстандык күйөрман өзү сураган белекке ээ болгон.

Алтыбаев Белгиянын дарбазачысы ага футболкасын белек кылууну чечкенин апасынан угуп, футболчулар турган мейманканага барып белекти алып кеткен.

Ал ортодо Бельгиянын курамасы футбол боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0