Жан көзгө көрүнөт! АКШнын өзөктүк куралдарын сынаган учурдагы видеосу

Жазылуу
Роликтин авторлору булар кошмо штаттарда колдонулбайт деп ишенишээрин айтышкан.

Интернетке өзөктүк куралдарды сынаган учурдагы 250 видео жарыяланды. Бул туурасында "Российская газета" жазды.

Аны өзөктүк куралдарды иштеп чыккан америкалык лаборатория жарыялаган. Арасында 1955-жылдагы "Типот" операциясындагы 14 жарылуу, ошол эле полигондо 1958-жылы жасалган 37 жарылуу да жайгаштырылган. Буга кошумча интернетке 1962-жылы Тынч океанда жасалган кубаттуулугу 38 мегатонналык 31 жарылуу да жүктөлгөн.

Лабораториянын кызматкери Грег Спиггс булар кошмо штаттарда колдонулбайт деп ишенишээрин айткан.

"Кадрлар катуу таасир этет экен. Биз видеолордо бул жарылуулардын канчалык кубаттуу жана масштабдуу экендигин, эмнелерди кыйратып кетээрин көрсөткөнгө аракет кылдык", — деген ал.

Бардык видеолорду YouTube каналынан көрсө болот.

Lawrence Livermore National Laboratory 1945-1962-жыл аралыгында АКШ өзөктүк 210 сыноону өткөргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0