Баласы менен бараткан аял тонолду. Бишкекте тартылган видео

Жазылуу
Окуя 1-июль күнү 10-кичи райондо болгон.

Көл жээгиндеги эс алуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эс алууга кеткенде үйдү кантип тонотуп ийбеш керек? Милициянын кеңеши
Көп кабаттуу үйлөрдүн биринде баласы менен подъездке кирип, лифтке түшөйүн деп жаткан аялды бейтааныш киши тоноп кетти. Бул тууралуу Kalicha Aidaralieva өзүнүн Facebook баракчасына жазып, окуянын видеосун жүктөдү.

Анын айтымында, жабырлануучу анын эжеси болот. Окуя 1-июлда саат 12.00дөр чамасында болгон. Сумканын ичиндеги капчыкта ири суммадагы акча болгон.

Бишкек ШИИББ тоноочулук фактысын ырастады.

"Кылмыш Октябрь райондук ИИБде каттоого алынды. Факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 167-беренеси (тоноочулук) боюнча кылмыш иши козголду", — деп айтылат маалыматта.

Учурда милиция кызматкерлери издөө иштерин жүргүзүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0