Нарындан Жалал-Абадга жер которгон маралдар. Тарыхый видео

Жазылуу
Жаратылыш коругунда багылган тогуз марал Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Авлетим токой чарбасынын аймагына кое берилди. Мындай тажрыйба өлкөдө биринчи жолу ишке ашты. Sputnik Кыргызстан агенттиги тарыхый окуянын видеосун сунуштайт.

Маралдарды жеткирүү тобу Нарындан 24-июнда чыгып, Аксыга 26-июнда жеткен.

Токойдогу жан-жаныбарлар үчүн соттошуп. Кеминдиктердин тоо-таш аралаган видеосу - Sputnik Кыргызстан
Токойдогу жан-жаныбарлар үчүн соттошуп. Кеминдиктердин тоо-таш аралаган видеосу
Кызыл китепке кирген жаныбардын санын көбөйтүүгө багытталган аракет 2016-жылы башталган. "Маралдарды Батыш Тянь-Шанга реинтродукциялоо" долбоорунун алкагында окумуштуу, эколог жана мамлекеттик кызматкерлер биргеликте иш алып барган. Анын негизинде адистер тийиштүү процедураларды аткарып, маралдарды автоунаа менен 31 саат ичинде көздөгөн жерине жеткирди.

Долбоордун жетекчиси Гамал Соронкуловдун айтымында, келечекте ал жерде көбөйгөн маралдарды башка облустарга да которуу пландалууда.

"Бизде мындай ыкма биринчи жолу колдонулуп жатат. Жалпы 31 саат токтобой 800 чакырымдай жол жүрдүк. Болгону булак, дарыялардын боюна токтоп жандыктарга суу, чөп берип жаттык. Башында негизи тик учак менен жеткирүү каралган. Эми аларды жүк ташуучу унаа менен алып баргандыктан калган акча каражатты донорго кайтарып берүүгө даяр турабыз. Келечекте мамлекеттик органдар менен акылдашып, ал жерде көбөйгөн маралдарды башка облустарга да которуу планда бар", — деди Соронкулов.

Ал ошондой эле жаныбарлар жаңы жерге көнүп калгандыгын кошумчалады.

Эске сала кетсек, 2015-жылы актер Леонардо Ди Каприонун фонду Гамал Соронкуловго 30 миң доллар бөлүп берген. Ал акчага Кызыл китепке кирген маралдарды реинтродукциялоо каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0