Өспүрүм күйүп жаткан учактан жөргөлөп чыгып аман калды. Видео

Жазылуу
Америкада күйүп жаткан учактан өспүрүм акыркы мүнөттөрдө эптеп чыгууга үлгүргөн.

Авиакатастрофа Ил-14 под Таласом - Sputnik Кыргызстан
Таласта 40 кишинин өмүрүн алган авиакырсык. Каргашанын чоо-жайы жана сүрөттөрү
Окуя Американын Детройт штатында болгон. Cessna 210 жеңил учагы Коулман аэропортуна жакын жерге кулап түшкөн. Анын ичинде 54 жаштагы Грег Боаз, 48 жаштагы аялы Жулия жана баласы Пейтон болгон. Аэропортко жакындаганда учкуч диспетчерге учактын дөңгөлөгү ачылбай жана майы аз калганын билдирген.

Учак аэропортко жетпей бак жана электр зымдарына илинип, жерге кулак түшүп, өрттөнүп кеткен.

Кырсыктан учкуч менен аялы каза болуп, 17 жаштагы Пейтон өрттөнүп жаткан учактан жөрмөлөп чыгып аман калган.

Окуяга күбө болгондор кырсыкты видеого тартып калууга үлгүрүшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0