Маалыматка ылайык, Сузак районунун Барпы айыл округунун тургуну М.Г. сиңдисин опузалагандарга чара колдонууну суранып милицияга кайрылган. Ал 17-июнь күнү шаардагы сулуулук салондорунун биринде иштеген аял эки кыз менен Жасминди жумуш ордунда зомбулук көрсөтүп, эч бир себепсиз "6000 сом акча алып келип бересиң" деп кайра-кайра телефон чалып, коркутканын айткан.
Аталган факты боюнча 170-берене (опузалап талап кылуу) менен кылмыш иш козголуп, иликтөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.
"Жабырлануучу сулуулук сынагынын жеңүүчүсү болгонун эске алып, бул кылмышка баргандар жөн адам эмес деген күмөн жаралган. Анын негизинде арызда айтылган аялдын уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен байланышы бар-жогун тактоо иштери жүргөн. Натыйжада ал аял буга чейин да "бейбаштык" беренеси менен сот жообуна тартылганы аныкталды", — деп билдиришти милициядан.
"26-июнь күнү жабырлануучу кыздан кылмышка шектүү 29 жаштагы аял 5000 сом акча алып жаткан жеринен күбөлөрдүн көзүнчө кармалып, Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди", — деп айтылат маалыматта.
Учурда анын калган шериктери боюнча да тергөө иштери улантылууда.