21:21 19 Үчтүн айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8300
  • EUR77.7592
  • RUB1.1348
Видео

Жалал-Абад сулуусун уруп, акча талап кылган. Шектүү аялды кармоо учуру видеодо

Кыскача шилтеме алуу
259001

Облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы "Жалал-Абад периси — 2018" сулуулук сынагынын жеңүүчүсү, 17 жаштагы Жасмин аттуу кызды коркутуу жолу менен андан акча талап кылган аялды кармоо учурундагы видеону жарыялады.

Маалыматка ылайык, Сузак районунун Барпы айыл округунун тургуну М.Г. сиңдисин опузалагандарга чара колдонууну суранып милицияга кайрылган. Ал 17-июнь күнү шаардагы сулуулук салондорунун биринде иштеген аял эки кыз менен Жасминди жумуш ордунда зомбулук көрсөтүп, эч бир себепсиз "6000 сом акча алып келип бересиң" деп кайра-кайра телефон чалып, коркутканын айткан.

Аталган факты боюнча 170-берене (опузалап талап кылуу) менен кылмыш иш козголуп, иликтөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.

"Жабырлануучу сулуулук сынагынын жеңүүчүсү болгонун эске алып, бул кылмышка баргандар жөн адам эмес деген күмөн жаралган. Анын негизинде арызда айтылган аялдын уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен байланышы бар-жогун тактоо иштери жүргөн. Натыйжада ал аял буга чейин да "бейбаштык" беренеси менен сот жообуна тартылганы аныкталды", — деп билдиришти милициядан.

Жабырлануучу тарап укук коргоо органдарына 24-июнда кайрылган. Шектүү аял Жасминден ар бир курбу кызынан 1000 сомдон чогултуп 6000 сом алып келүүсүн талап кылган.

"26-июнь күнү жабырлануучу кыздан кылмышка шектүү 29 жаштагы аял 5000 сом акча алып жаткан жеринен күбөлөрдүн көзүнчө кармалып, Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди", — деп айтылат маалыматта.

Учурда анын калган шериктери боюнча да тергөө иштери улантылууда.

Тема боюнча

Ошто сабалган окуучу кыздар. Ата-энелер окуянын чоо-жайын айтып беришти
Кыз талашкан мушташ окуучунун өлүмү менен аяктады... Көлдөгү окуянын чоо-жайы
Белгилер:
кылмыш, опузалоо, кыздар, сулуулук сынагы, Жалал-Абад

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ