Айдоочу, сак бол! Бишкек — Ош жолунун ашууларында кар жаап жатат. Видео

Жазылуу
Видеодон кыш күнүндөй жаап жаткан карды көрүүгө болот.

Бүгүн, 26-июнда, Бишкек — Ош унаа жолунун бийик ашууларында кар жаап жатат. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө Ильяс Зулпуев кабарлады.

Ал жөнөткөн видеодон Ала-Бел ашуусунда кар лапылдатып жаап жатканын көрүүгө болот. Айдоочу жайкы дөңгөлөк менен бараткан унаалар токтоп калганын белгилеп, чынжыр алып чыгууну эскертип жатат.

"Кечээ Оштон чыкканбыз, Таш-Көмүрдө жол жабылып төрт саат турдук. Бүгүн эртең мененки саат 8-9дарда Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларынан өттүк. Кар катуу жаап жатат. Оор жүк ташуучу унаалар катар тизилип туруп калыптыр", — деди күбө.

Эскертке кетсек, кечээ Таш-Көмүр шаарында трассага шагыл, таш түшүп унаа каттамы жети саатка бөгөлүп калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0