Ferrari унаасын автосалондон айдап чыгаары менен талкалаган аял. Видео

Жазылуу
Ferrari 458 Italia үлгүсүндөгү унааны убактылуу ижарага алган аял автосалондон чыгары менен жолдун ортосундагы темир тосмону сүзүп темир тулпарынын таш-талканын чыгарып салды.

Кытайда скутерди айдап кеткен арбак элди дүрбөлөңгө салды. Видео - Sputnik Кыргызстан
Кытайда скутерди айдап кеткен "арбак" элди дүрбөлөңгө салды. Видео
Анысы аз келгенсип бет маңдай келе жаткан бир топ унааны жабыркаткан. Жол кырсыгы кандай болгонун видеодон көрүүгө болот.

Окуя Кытайдын Вэньлин шаарында катталган. Анда бир аял убактылуу айдап туруу үчүн Ferrari компаниясынын расмий дилерине кайрылган. Ал Ferrari 458 Italia үлгүсүндөгү кызыл түстүү темир тулпарды алып, бирок жакшылыктуу деле айдаганга жетишпей калган.

570 аттын күчү бар Ferrari 458 Italia үлгүсүндөгү унаага 4,5 литрлик кыймылдаткыч орнотулган. Анын максималдуу ылдамдыгы саатына 325 чакырымды түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0