Дарбаза басып калган баланын энеси: уулумдун акыркы мүнөттөрүн видеодон көрдүм

Жазылуу
13-июнь күнү Бишкекте 11 жаштагы баланын үстүнө футбол дарбазасы кулап кетип, ал ошол жерден жан берген.

Футбол дарбазасы басып калып каза болгон баланын апасы Нестан Исабекова кырсык алдында уулу өзүнөн бери дегенде 10-12 жаш улуу адамдар менен ойноп жатканын айтты.

"Кеч курун мага кошунанын баласы чуркап келип, Аландын үстүнө дарбаза кулап кеткенин айтты. Биринчи футбол талаасына чуркап барып, андан кийин баламды алып кетишкен ооруканага жөнөдүм. Бул ортодо кылым өтүп кеткендей сезилди. Анан мага уулум көз жумганын кабарлашты", — деди Исабекова.

Анын айтымында, баласы менен ойноп аткан кишилер дарбаза кулагандан кийин ага жардам берүү үчүн эч кандай аракеттерди көрүшкөн эмес.

"Видеодо Алан ойноп жаткан жер көрүнгөн жок. Болгону жанындагыларды көрүүгө болот. Алар көпкө чейин топ тепкилеп туруп, бир маалда кулаган дарбаза жакка чуркап кетишет. Мен кийин күбөлөр менен сүйлөшүп көрсөм, алар баланын үстүнө кулаган дарбазаны көтөрүп коюп, андан ары тез жардам чакыргандын ордуна басып кетишиптир. Адамгерчилик деген кайда? Видеодо балам басып келип, оюн талаасына кирген учурлар тартылып калыптыр. Жашоосунун акыркы мүнөттөрүн мен видеодон гана көрүп калдым", — деди каза тапкан баланын энеси.

Маркумдун туугандарынын айтымында, дарыгерлер тестиер кырсык болгон жерде мүрт кеткенин айтышкан.

Аталган факты боюнча Ленин районунун ички иштер бөлүмү кылмыш иши козгогон.

Иликтөө иштери уланып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0